Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Чолпон Султанбекованын автокырсыкка кабылганы ырастала элек


Чолпон Султанбекова.
Чолпон Султанбекова.

Бүгүн социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова автокырсыкка кабылып, колунан жараат алып ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат тараган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Чолпон Султанбекова түшкөн автоунаа кырсыктаганын ырастаган жок. Бирок анын алдында бараткан машине кырсыкка учураганын "Азаттык" радиосуна билдирип, жабыркагандар вице-премьердин автоунаасы менен ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы окуя тууралуу кабары жоктугун, вице-премьер Баткенге жумушчу сапар менен кеткенин билдирди. Ал эми Кадамжай райондук ооруканасынан вице-премьер медициналык жардам алуу үчүн кайрылбаганын айтышты.

Султанбекова Баткен облусундагы иш сапары учурунда 26-майда Кадамжайда баатыр энелер менен жолугушкан. (NT)

XS
SM
MD
LG