Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:36

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого карата добуш берүү участкаларына ден соолугуна байланыштуу бара албаган 430дан ашуун адам бүгүн көчмө үкөк аркылуу добуш берүүдө.

Бул тууралуу БШКнын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, көчмө үкөк боюнча шайлоочулар буга чейин кайрылуу жолдошкон. Айрым участкаларда 50дөн ашык кайрылуу болуп, шайлоо комиссиялардын өкүлдөрү баарын кыдырып жетише албагандыктан өтө муктаждарына гана барууга туура келүүдө.

Шаарда 37 миңден ашык шайлоочу катталган, 28-майда 25 шайлоо участкасы ачылат.

28-майда Кыргызстанда 41 жергиликтүү кеңештерде кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтөт. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG