АКШнын тышкы саясатындагы белгилүү ардагер, мурдагы президент Жимми Картердин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Збигнев Бжезинский 26-майда Виржиния штатындагы Inova Fairfax Hospital ооруканасында дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу New York Times жана "Америка добушу" маалымат каражаттары маркумдун кызына таянуу менен билдирди. Бжезинский 90 жашта болчу.
Ал 1928-жылы Варшавада поляк дипломаттардын үй-бүлөсүндө туулган. 1950-жылы АКШ жарандыгын алып, Гарвард университетин аяктаган. Маркум Үч тараптуу комиссиянын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон, 1973-1976-жылы ал жерде директор болуп иштеген.
1977-81-жылдарды Картердин администрациясында улуттук коопсуздук боюнча президенттин кеңешчиси кызматын аркалап турган. Ошондой эле Европадагы, Ооганстан жана башка мамлекеттердеги советтик экспансияга каршы чыккан идеолог, Атлантика тилектештигин бекемдөөнүн активдүү жактоочусу болгон.
1981-жылы Збигнев Бжезинский президенттин Эркиндик медалын алган.