Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Өзгөн: катуу шамалдын чыгымдары такталды


Өзгөндөгү шамалдын кесепети.
Өзгөндөгү шамалдын кесепети.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Өзгөн шаарындагы шамалдан келтирилген чыгымдар такталды.

Райондук мамлекеттик администрациядан 35 даана, Маданият үйүнөн 400 даана, Кызыл-Тоо айылындагы №9 Кызыл-Тоо орто мектебинен 85 даана шифер, көп кабаттуу эки турак үйдүн 315 метр квадрат тунуке жана жыгач материалдары жараксыз болгону аныкталган. Жалпы келтирилген чыгым 24 миң 9750 сомду түзгөн.

Өзгөндө 25-майда ылдамдыгы секундуна 25-27 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. ​(NT)

XS
SM
MD
LG