Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Москвада реновацияга каршы митинг өттү


Москвадагы реновацияга каршы митинг. 14-май, 2017-жыл.
Москвадагы реновацияга каршы митинг. 14-май, 2017-жыл.

Москванын Суворов аянтында өткөн митингдин катышуучулары эски үйлөрдүн сүрдүрүлүшүнө каршылык билдиришти.

"Москвалыктардын укугу үчүн" деп аталган акциянын уюштуруучулары митингге беш миңге жакын адам чыгат деп эсептешкен, бирок шаардын коопсуздук департаменти бир жарым миңдей адамдын катышуусуна гана уруксат берди.

Буга чейин беш кабаттуу үйлөрдү бузууга каршы митинг Москвада 14-майда өткөн. Миңдеген адамдар Москва мэри Сергей Собянинге ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, эски үйлөрдүн сүрдүрүлүшүнө каршы резолюция кабыл алышкан. Шаар бийлигин үйлөрдү түрттүрүүгө жол берген мыйзамды кабыл албоого чакырышкан.

19-майда Мамдумадагы төрт фракциянын депутаттары реновация жөнүндөгү мыйзам долбоорго өзгөртүү киргизип, анда сүрдүрүлө турган үйлөрдүн жашоочуларына турак жайды бузуу чечимине, кенемтенин өлчөмүнө каршы чыгып, сотко кайрылуу укугу берилген. Өзгөртүүлөрдүн тексти жарыяланган эмес.

XS
SM
MD
LG