Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Жолдошбай Осмоновдун “Мырза Балбан” китеби жарык көрдү


Жолдошбай Осмоновдун китептери.
Жолдошбай Осмоновдун китептери.

Журналист Жолдошбай Осмоновдун “Мырза Балбан” тарыхый повести жана аңгемелер жыйнагы жарык көрдү. Автор чыгармасында XIX кылымдагы Мырза Балбан тууралуу баяндаган. Ал 1898-жылдары орус падышачылыгына каршы Анжиян көтөрүлүшүн уюштурууга катышкан Чыйбыл Болуштун атасынын ашында эңишке түшүп, балбандыгын көрсөтүп тарыхта калган. Осмонов тарыхый маалыматтарды былтыр жыйнаган.

Буга чейин анын “Канышанын ую” деп аталган аңгемелер жыйнагы жана кыргыз-орус тилдеринде “Кут даарыган Жалал-Абад” аттуу көркөм китеби чыккан.

56 жаштагы Жолдошбай Осмонов 30 жылдан бери Жалал-Абадда журналистика тармагында иштеп келатат. Эмгек жолун 1983-жылы Базар-Коргон районундагы “Эмгек жалыны” гезитинде иштөөдөн баштаган, кийин Жалал-Абад облустук телеканалында эмгектенген. 2014-жылы маданияттын мыкты кызматкери наамын алган. (RsK)

XS
SM
MD
LG