БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында 27-майда ден соолугуна байланыштуу добуш берүү участкаларына келе албаган шайлоочулар көчмө үкөк менен добуш беришти.
Жалпы 1751 шайлоочунун арызы катталган, анын 1364ү добуш беришти. 104 шайлоочу ордунда жок болуп чыккан, 53 шайлоочунун паспорту жок, беш жаран эски үлгүдөгү паспорт менен жүргөнү белгилүү болду.
Мындан тышкары 106 шайлоочу идентификациядан өтпөгөндүктөн добуш бере албады.
Бүгүн 41 жергиликтүү кеңешке кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Анын сегизи шаардык, 33ү айылдык кеңеш. Шайлоодо 214 добушкана ачылган. (NT)