Кыргызстанда 29-майда түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 20…25;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте 29-майда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 29…31 градуска чейин көтөрүлөт.
28-31-майда аба табынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт, суу каптоо, сел коркунучу сакталууда.