Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:53

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон мусулмандардын Рамазан айында мекемеде орозо кармагандар үчүн ифтар өткөрүүдөн баш тартты. Ооз ачыруу иш-чарасы июндун этегине белгиленип жаткан.

Тиллерсон мындай чечими менен 20 жылдан бери сакталып келаткан салтты бузду.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Барак Обаманын диний майрам менен террорчулукка каршы күрөштү аралаштырбоо керек деген тажрыйбасын четке каккан. Мусулмандарга жолдогон куттуктоосунда Трамп Манчестердеги терактты эске салып, бул окуя Рамазанга түздөн-түз каршы келерин айткан. Рамазан тынчтыкка умтулуу, жокчулуктан жана согуштан жапа чеккендерге жардам берүүгө чакырганын белгилеген.

Ак үй да, Мамлекеттик департамент да башка диний майрамдарды белгилеп келишет. Орозо аяктап жатканда иптар уюштурууну жокко чыгаруу Вашингтон мусулмандарды сыйлабайт дегендикке жатпай турганын Тиллерсондун басма сөз катчысы билдирди.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айы 27-майда башталган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG