Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Ысык-Көл: төрт райондо жергиликтүү кеңешке шайлоо жүрүүдө


Ак-Суу районунда Кара-Жал жана Бөрүбаш айыл өкмөтүндө жалпысынан 5 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүүдө. Кара-Жал айыл өкмөтүндөгү Тегизчил, Жаңы-Арык жана Боз-Булуң айылдарында саат бирге алынган жыйынтык боюнча 13,2% шайлоочу добуш берсе, Бөрү-Баш жана Черик айылында 19,1% шайлоочу келген.

Жети-Өгүз району боюнча Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө 5 шайлоо тилкесинде шайлоо өтүп жатат. Райондук шайлоо коммиссиясынын маалыматында саат бирге алынган жыйынтыкта шайлоочулардын 24% келип добуш бершти.
Ысык-Көл районунда Бостери жана Кара-Ой айыл өкмөттөрүндө 5 шайлоо тилкесинде шайлоо өтүп жатат. Бостери айылындагы 4 шайлоо тилкесинде саат 2ге алынган жыйынтыкта 31% шайлоочу келген. Кара-Ой айылындагы бир шайлоо тилкесинде 28,7% добуш берүүчү шайлоого келди.

Тоң району боюнча Улахол айыл өкмөтүндө 5 шайлоо тилкесинде шайлоо жүрүп жатат. Райондук шайлоо коммисиясынын маалыматында саат 1ге алынган жыйынтыкта 34% шайлоочу добуш берген. (AsM)

XS
SM
MD
LG