Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

БШК: шайлоочулардын 27,3 пайызы добуш берди


Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо саат 13:00гө карата 74 275 шайлоочу добуш берди. БШКнын маалыматы боюнча, бул көрсөткүч тизмеге киргизилген шайлоочулардын 27,3 пайызын түзөт.

Акыркы маалымат боюнча, Жалал-Абад шаарында шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышууда. Азыркы кезге чейин 37,7 пайыз шайлоочу добуш беришти. Ал эми айылдык кеңештер боюнча Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңеши алдыда, тизмеге киргизилген шайлоочулардын 36 пайызы добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо учурунда коомдук тарипти өзгөчө бузган учурлар катталбады деп билдирди.

Бүгүн 41 жергиликтүү кеңештерге кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG