Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Ысык-Көл: "Асыл-Таштын" аймагындагы коттеджден өрт чыкты


Бостери айылындагы "Асыл-Таш" пансионатынын аймагындагы коттеджден бүгүн өрт чыкканын Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев "Азаттык" радиосуна ырастады.

Анын айтымында, бүгүн таңга жуук саат 3:17 чамасында аталган эс алуу жайында коттедж күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Эки өрт өчүрүүчү автоунаа жөнөтүлүп, эртең менен 8:47де тилсиз жоо толугу менен өчүрүлдү. Өрттөн жыгачтан салынган ​аянты 15х10 болгон коттедж толук күйүп кеткен. Акимдин маалыматы боюнча, бул коттедж Салкынай Алимбаевага катталган. Ал оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы.

Жээнбеков өзү да "Азаттык" радиосуна Бостеридеги коттеджи өрттөнүп кеткенин ырастады.

Азыр өрттүн себеби тактала элек, иликтөө жүрүп жатат. (AsM/NT)

XS
SM
MD
LG