Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

«Ансар ал-Шариа» террордук тобу ыдыраганын жарыялады


Бенгазидеги АКШнын консулдугунда өрттөлгөн автомашина, 12.09.2012
Бенгазидеги АКШнын консулдугунда өрттөлгөн автомашина, 12.09.2012

2012-жылы АКШнын Ливиядагы элчисин өлтүргөн «Ансар ал-Шариа» экстремисттик тобу өз алдынча тарап кеткенин жарыялады. 28-майга карган түнү жарыяланган билдирүүдө Ливиядагы экинчи чоң шаар Бенгазинин портунун жанындагы кармашта топ көп жоочусун жоготкону айтылат. Эми куралчан топтун калган согушкерлери "Ислам мамлекети” террордук уюмунун көзөмөлүнө өтөөрү кабарланат.

“Исламдын мыйзамдарынын тарапкерлери” деген маанини түшүндүргөн «Ансар ал-Шариа» тобун Улуттар Уюму менен АКШ "Ал-Каида” менен байланыштагы террористик уюм деп тааныган.

Вашингтон төрт жыл мурун Бенгазиде америкалык элчи менен үч жарандын өлтүрүлүшүнүн артында дал ушул уюм турарын билдирген.

"Ансар ал – Шарианын” жетекчиси Мухаммед Асахави 2014-жылдын аягында өлтүрүлгөн.

2011-жылы Ливияда Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан тарта Түндүк Африканын бул өлкөсүндө баш аламандык өкүм сүрүп жатат. Мамлекеттик бийликтин алсыздыгынан улам куралчан топтор өлкөдө таасирин күчөтүп, өз ара согушуп келет.

XS
SM
MD
LG