Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Британия: Манчестердеги жанкечтинин байланыштары кеңири болгон


Манчестердеги коопсуздукка көз салган полиция кызматкерлери, 26.05.2017
Манчестердеги коопсуздукка көз салган полиция кызматкерлери, 26.05.2017

Британ ички иштер министри Манчестерде террордук чабуулда өлгөн жанкечти Салман Абеди менен байланышы барлар дагы деле эркиндикте жүрүшү мүмкүн экенин, 22-майдагы чабуулду иликтөө иши тездик менен жүрүп жаткандыктан өлкөдөгү терроризм коркунучунун деңгээли төмөндөгөнүн айтты.

Полиция Абединин байланыштарын аныктоонун жана кандуу чабуулга чейинки күндөрү анын баскан-турганын иликтөөнүн үстүндө 1000 киши иштеп жатканын бышыктады.

Британ бийликтери чабуулду уюштургандардын чоң тобу кармалганын, полиция дагы деле ишин улантып жатканын маалымдайт.

28-майда ички иштер министри Амбер Радд Би-би-си телеканалына берген маегинде топтун мүчөлөрү дагы деле эркиндикте жүрөбү деген суроого “Болушу мүмкүн. Операция жүрүп жатат” деп жооп берди.

Полиция Абединин улуу агасы Исмаил баш болгон 11 киши кармалганын билдирген. Абединин дагы бир агасы менен атасы Ливияда камакка алынган.

27-майда Британия өлкөдөгү терроризм коркунучу “чегине жетти” дегенден чабуул болушу мүмкүндүгүн эскертен “кооптуу” деңгээлге түшүргөн.

Министр Радд чалгын агенттиктери 3000 шектүү экстремисттерди текшерип, атайын кызматтар 20 миңден ашуун кишиге көз кырын салып жатканын айтты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG