Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:27

Алексей Навальный дагы бир шайлоо штабын ачты


Навальный Псковдогу штабдын ачылышында
Навальный Псковдогу штабдын ачылышында

Псков шаарында оппозициялык активист Алексей Навальный 40-шайлоо штабын түзүп, анын ачылышына өзү катышты. Штабдын координатору болуп “Демократиялык тандоо” партиясынын регионалдык бөлүмүн жетектеген Валентин Болдышев бекиди. 250гө чукул киши ыктыярчы болуп катталганын “Азаттыктын” орус кызматы кабарлады.

Кеңсени ачуу маалында колуна Навальныйдын экономикалык программасы жок деген маанидеги плакат кармаган жалгыз киши пикет өткөрдү. Негизинен оппозиционердин жергиликтүү санаалаштары менен жолгушуусу тынч өттү.

Алексей Навальный 2018-жылы Орусияда өтчү президенттик шайлоого катышууга ниетин билдирген. Анын талапкерлигин мамлекет башчылыкка көрсөтүүнү 470 миңден ашуун киши колдоорун билдирген.

Апрелдин аягында Москвада белгисиз бирөөлөр Навальныйдын көзүнө зеленка чачып кетишкен. Май айынын башында Барселона шаарында көзүнө операция жасаткан.

XS
SM
MD
LG