Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Жогорку Кеңеш депутаты Аида Салянованын соту болот


Аида Салянова
Аида Салянова

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Саляновага байланышкан ишти карайт.

Өткөн аптада сот адвокаттын келбей калганына жана анын жараянды башка күнгө которуу өтүнүчүнө байланыштуу ишти бүгүнкүгө жылдырган.

Депутатка Башкы прокуратура былтыр декабрда кылмыш иш козгоп, Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти кароодо министрдин милдетин аткаруучу катары жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган. УКМК быйыл мартта Саляновага козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, айыбын угузган. Анын негизинде эл өкүлүнө мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоо милдеттендирилген. ​

Салянова өзүнө козголгон кылмыш ишин тергөө мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып келе жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG