Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөнүнө 25 жыл толду


Бүгүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына карата Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу жыйын өтөт. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан билдиришти. Жыйынга өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы колбашчысы, президент Алмазбек Атамбаев, Куралдуу күчтөрдүн башчысы Райымберди Дүйшембиев баштаган бийлик өкүлдөрү, офицер, жоокерлер катышат.

Мындан тышкары кечки саат 18.30да Ала-Тоо аянтында театралдаштырылган шоу жана эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт болот. Мааракеге байланыштуу аянтка аскердик техникалардын көргөзмөлөрү коюлду.

Былтыр Global Firepower аскердик-аналитикалык порталынын рейтинги боюнча Кыргызстандын армиясы 126 мамлекеттин ичинен 110-орунду ээлеген. Өзбекстан 48, Казакстан 53, Түркмөнстан 86, Тажикстан 112-орунду алган. Кыргызстан андан бир жыл мурун эле 78-тепкичте турган.

Уюмдун эсебинде, кыргыз армиясында жалпысынан 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техникасы жана 21 аскерий учак бар.

Президент Алмазбек Атамбаев 25-январда “Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын реформалоо боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анын негизинде Башкы штабга караштуу Кургактагы аскерлер түзүлүп, Улуттук гвардия дагы штабга кошулду. 2014-жылдын башында негизделген Башкы штабга Коргоо министрлиги, Чек ара кызматы, Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскерлери бириктирилген. (NT)

XS
SM
MD
LG