Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Казакстан: Арал деңизин өнүктүрүү боюнча эл аралык форум өтөт 


Арал деңизи.
Арал деңизи.

Аралды өнүктүрүү боюнча эл аралык форум 30-31-майда Казакстандын Кызыл-Ордо шаарына белгиленген.

Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн, БУУнун, ЕККУнун жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү чакырылган.

Аралды сактоо фондун жетектөө укугу быйыл үч жылга Өзбекстандан Түркмөнстанга өттү.

Буга чейин фонддун аткаруу дирекциясын Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов жетектеп келген.

1960-жылдардан бери Арал деңизи 90 пайыз суусун жоготкон. Буга Амударыя менен Сырдарыянын СССР убагында сугатка пайдалануусу себеп экени айтылып келет. Аралдын соолушу айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келген.

XS
SM
MD
LG