Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Түндүк Корея кайрадан ракета сынады


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын ракета жасалган жайда. 15-май, 2017-жылы таратылган сүрөт.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын ракета жасалган жайда. 15-май, 2017-жылы таратылган сүрөт.

Орто аралыкка учуучу баллистикалык ракета атылды деп болжолдонгон акыркы сыноону АКШ, Түштүк Корея, Жапониянын армиялары бүгүн ырасташты.

Ак үйдүн расмий өкүлдөрү Пхеньяндын жаңы сыноосу боюнча маалымат президент Дональд Трампка да берилгенин билдиришти.

Акыркы сыноого байланыштуу Түштүк Кореянын президенти Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин жыйынын чакырды.

Жапония болсо сыноону айыптап, атылган ракета алардын аймактык сууларына кулаган болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Премьер- министр Синзо Абэ анын өлкөсү Түндүк Кореянын ракеталык сыноосуна каршы “атайын жооп чараларды” Кошмо Штаттар менен бирге караштырып жатканын, Түштүк Кореянын лидерлери менен да байланышта экенин белгиледи.

Пхеньяндын өзүнүн мамлекеттик маалымат каражаттары сыноону ырастай элек.

Акыркы жарым жылда Түндүк Корея өзөктүк сыноодон кеминде экөөнү өткөрүп, ал эми баллистикалык ракеталарынын ондогондорун сынады.

Пхеньяндын өзөктүк программасына жана ракеталык сыноолоруна Улуттар Уюму тыюу салган, бирок ал бул АКШнын агрессиясына каршы туруу үчүн зарыл деп ырастап келүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG