Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Фейсбукта коопсуз шаарды талап кылган акция өтүп жатат


Фейсбуктагы акция.
Фейсбуктагы акция.

Кыргызстандык жарандык активисттер Фейсбукта "Мен коопсуз шаарды талап кылам" акциясын өткөрүп жатышат. Аны "Коопсуз шаарды талап кылган жарандар" кыймылы уюштурду.

Кыймыл өкүлү Мирсулжан Намазалиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Фейсбук социалдык тармагынын жетекчилигинен атайын фрейм жасоого уруксат алышкан. 28-майдан тарта кыргызстандык 1600дөн ашуун колдонуучунун социалдык желедеги сүрөтүнө "Мен коопсуз шаарды талап кылам" деген жазуу кошулду.

Интернеттеги мөөнөтсүз акция Бишкекте соңку кездери күч алган жол кырсыктарын азайтууга бийликтин көңүлүн бурдурууну көздөйт.

Кыргызстандыктар Фейсбукта акция өткөрүү үчүн фрейм жасоого алгач ирет уруксат алууда. Аталган социалдык тармак жетекчилиги ири майрамдарда же кандайдыр бир маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу максатында түрдүү фреймдерди сунуштайт.

Кыргызстанда жыл сайын жол кырсыгынан миңден ашуун адам жашоо менен кош айтышат.

Майдын ортосунан тарта Бишкекте жарандык активисттер жол кырсыктарын азайтуу боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кылып акциялардын сериясын башташкан. Тийиштүү талаптар бийликке жолдонгон. (SE)

XS
SM
MD
LG