Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

АКШда Жон Кеннединин 100 жылдыгы белгиленет

Жон Кеннеди.
Жон Кеннеди.

АКШнын 35-президенти, 1963-жылы атып өлтүрүлгөн Жон Кеннединин туулганына бүгүн 100 жыл толууда.

Бул датага байланышкан эскерүү иш- чаралардын негизгилери Кеннедилердин кичи мекени - Массачусетс штатында, президент Кеннединин Бостон шаарындагы музейинде, китепканасында өткөрүлмөкчү.

Маркумдун Виржинядагы Арлингтон улуттук көрүстөнүндөгү мүрзөсүнө да гүлчамбар коюлат.

Жон Кеннеди президенттик кызматты 1961-жылдын январынан 1963-жылдын ноябрь айына чейин аркалаган.

Ал 46 жаш курагында, 1963-жылдын 22-ноябрында Даллас шаарындагы кол салууда мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG