Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Президент Атамбаев патриарх Кирилл менен жолукту


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстанга келген орус православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Кирилл менен жолукту. Кыргызстанда диний жааттагы саясат, диний чөйрөдөгү негизги көрүнүштөр тууралуу сөз болду.

Патриарх Кирилл православ чиркөөсүнө көӊүл бөлүнүп жатканына ыраазылыгын билдирди.

«Бул жерде улут, дин арасында мамилелердин өзгөчө сейрек маанайы өкүм сүрөт деп айта алам. Ушунун өзү коомдун туруктуулугун камсыздайт» деди патриарх жана мындагы президенттин, бийликтин ролун белгиледи.

Жолугушууда радикализмге бөгөт коюуда диний билим берүүнүн мааниси жана диний кырдаалдын өнүгүү тенденциялары тууралуу да сөз жүрдү.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG