Нарын облустук ооруканасы менен Улуттук хирургия борборунун ортосунда "Телехирургия" кызматы иштей баштады.
Бүгүн бул кызматтын ачылыш салтанаты болуп өттү. Ага саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев катышып, мындай телемедициналык долбоорлорду ишке ашыруу аймактарда кесипкөй адистердин тартыштыгына байланыштуу маселени чечүүгө багытталганын айтты.
Жаңы кызмат Нарында жасалган хирургиялык операцияларды Улуттук хирургия борборунан түз эфирде көрүп, аралыктан туруп көзөмөл жүргүзүүгө, аймактык хирургдарга кеп-кеңеш берүүгө шарт түзөт.
Буга чейин мындай долбоорлор Талас , Баткен, Ош, Жалал Абад шаарлары, айрым чет өлкөлөр менен ишке ашырылып, 190дой биргелешкен операция жасалган.
Атайын долбоорду Канада өкмөтү жана Ага Хан фонду каржылоодо. (BmA)