Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:49

Украин бийлиги сегиз адамдын өлүмү үчүн жикчилерди айыптады


Майдан тилкесиндеги Красногоровка шаарчасын ушул дем алыш күндөрү артиллериядан аткылоодон кеминде сегиз адам өлүп, имараттар бузулган. Бул окуя үчүн Украина бийлиги бүгүн Орусия колдогон жикчилерди айыптады.

Украин Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө Красногоровканын борбору 28-майда жикчилер көзөмөлдөгөн аймактан "Град" ракеталары жана башка оор артиллерия менен кеминде 12 ирет атылганы айтылган.

Мунун алдында өткөн аптада эле ЕККУ быйылкы жыл ичи украин жаңжалындагы кыянатчылыктар саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эседен ашканын билдирген.

ЕККУнун эсебинде, быйылкы жылдын толук эмес беш айы ичинде Украинанын жаңжал аймактарында кеминде 44 жайкын тургундун өмүрү кыйылып, 175и жаракат алган.

Украинадагы кырдаал, атап айтканда Минск тынчтык келишиминин аткарылуусу орус президенти Владимир Путин менен Франциянын жаңы президенти Эмануэл Макрондун бүгүнкү алгачкы сүйлөшүүлөрүндө талкууланары күтүлүүдө.

Франция да катарына кирген "Чоң жетинин" өлкөлөрү болсо өткөн аптада Италиядагы саммитинде эгер Украинадагы кырдаал өзгөрбөсө, Москвага каршы жаңы чараларды карап көрүүнү макулдашты. (UE)

XS
SM
MD
LG