Украинанын Коопсуздук кызматы жарыялагандай, Орусиянын интернет гиганты “Яндекстин” Киев менен Одессадагы кеңселери “мамлекеттик чыккынчылык” боюнча кылмыш ишти тергөөнүн алкагында тинтилүүдө.
Украинадагы кеңселеринде тинтүү жүрүп жатканын “Яндекстин” басма сөз катчысы Асия Мелекумова да ырастап, бирок аларга Украина коопсуздук кызматтарынын аракеттери түшүнүксүз экенин белгиледи.
Мындан эки апта мурда украин президенти Петро Порошенко “Яндекс” менен катар Орусиянын башка интернет сайттарын, анын ичинде “В Контакте”, “Одноклассники” социалдык түйүндөрүнө тыюу салууну караган жарлыкка кол койгон эле. Өз кадамын Порошенко Орусиянын маалымат согушундагы аспаптарына каршы күрөшүү аргасы катары түшүндүргөн.
“Яндекстин” өзүнүн эсебинде, Украинада алардын 11 миллиондой колдонуучусу бар. (UE)