Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:46

Француз президенти Орусиянын мамлекеттик медиасын айыптады


Путин жана Макрон Версалдагы басма сөз жыйында. 29-май, 2017-жыл.

Эммануэл Макрон Орусиянын Russia Today телеканалы жана “Спутник” агенттигин орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрүнөн кийинки басма сөз жыйында айыптап, алар “пропаганданы" жайылтып, "өкмөттүн структурасы сыяктуу аракеттенгенине" көңүл бурду:

- Басма сөз органдары чындыкты бурмалаган фактыларды тараткан кезде алар журналисттер эмес, таасир тийгизүүчү орган болуп калат. Russia Today менен “Спутник” Франциядагы президенттик шайлоо өнөктүгү маалында таасир тийгизүүчү органдар болду. Алар мен жана менин шайлоо өнөктүгүм боюнча чындыкты кайра-кайра бурмалап жатышты. Андыктан мен аларды биздин шайлоо кеңсебизге киргизбөө керек деп эсептегенимди ырастайм.

Президенттикке жакында шайланган Макрондун Путин менен алгачкы жолугушуусу дүйшөмбү күнү Версаль сарайында өттү.

Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы алдында Макрондун шайлоо штабы Орусия хакерлик жана жалган маалымат таратуу аракеттери менен аларга зыян келтирүүнү көздөөдө деп болжолдогон.

Москва шайлоо учурунда президенттикке Макрондун атаандашы Ле Пендин келишин кааларын жашырган эмес.

Президент Путин Орусия француз шайлоосуна кийлигишүүсүнө аракеттенди деген ырастоолорду 29-майда да четке кагып, бул маселе анын Макрон менен сүйлөшүүсүндө талкууланбаганын белгиледи. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG