Чолпон-Ата шаарындагы республикалык спартакиада “Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө” деп аталат.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, мелдештерге Кыргызстандын аймактарынан келген 700дөн ашуун жаштар катышууда.
Алар улуттук оюндар жана спорттун жети түрү (ордо, тогуз коргоол, волейбол, футбол, жеңил атлетика жана таяк тартыш) боюнча таймашууда.
29-майда башталган оюндар 2-июнда жыйынтыкталат. Мелдештер алгач айылдык, райондук жана облустук деңгээлде өткөрүлгөн, жеңишке жеткен жаштар республикалык таймаштарга жолдомо алган.
Айыл жаштарын дене тарбия жана спортко үндөөгө багытталган бул спартакиада 2006-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл мелдештер он экинчи жолу уюштурулду. Иш-чараны өткөрүүгө өкмөттөн 1 миллион 874 миң сом бөлүнгөн. (ECh)