Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

"Түндүк электр" мамлекеттик 17 мекеменин жарыгын өчүрөт


"Түндүк электр" ишканасы Бишкек шаарындагы 17 мамлекеттик мекемелердин жарыгы 30-майда өчүрүлөрүн эскертти. Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, электр энергиясына ири карызы бар уюмдарга ушундай чара көрүлмөкчү.

Карызы көп мекемелердин эң азы 122 миң, эң көбү 877 миң сомдон ашуун бересе. Тизмеге Ички иштер министрлигинин Каржы-чарбалык башкармалыгы, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы, Улуттук хирургия борбору, Илимдер академиясы, Маңзатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, мамлекеттик цирк жана башка мекемелер жазылган. Электрге карызы болгон 17 уюмдун баары республикалык бюджеттен каржыланат. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG