Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:17

Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров өзүнө карата козголгон кылмыш иш боюнча кабары жок экенин билдирди. Жапаров “Азаттыкка” сүйлөп жатып, кылмыш иштин козголгону тууралуу маалымат каражаттарынан окуганын кабарлады.

“Бул маселе боюнча чакырган эмес. Бизди чакырып, кеңири маалымат алган соң комментарий беребиз”, - деди Жапаров.

Башкы прокуратура мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров баштаган бир нече адамга карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иш козголгонун бүгүн кабарлады. Маалыматка караганда алар 2009-2015-жылдар аралыгында “Машина сыноочу станция” ишканасына 200 миллион сом мыйзамсыз ссуда бөлүп, акча максатсыз пайдаланылган.

Кылмыш ишти тергөө УКМКга тапшырылды.

Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаров учурда “Бир бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттары.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG