Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Садыр Жапаровдун соту 6-июнда башталат


Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун иши 25-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү. Алгачкы отурум 6-июнда болот. Бул тууралуу аталган соттон "Азаттык" радиосуна кабарлашты. Ишти судья Эмилбек Каипов карайт.

Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган.

Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапташтары милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын ичинен 12 киши эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана агасы бар.

Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG