Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Жарандык коом шайлоо мыйзамына байланыштуу митингге чыкты


Активисттердин акциясы, 30-май, 2017-жыл
Активисттердин акциясы, 30-май, 2017-жыл

Жарандык коомдун өкүлдөрү бүгүн Бишкекте Ак үй алдына митингге чыгып, шайлоо мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө нааразылык билдиришти. Мыйзамды өзгөртүүгө каршы жазуулар менен кыркка жакын активист жамгырдын алдында акция өткөрүшкөнүн уюштуруучулардын бири Айнура Усупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Шайлоолор жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш экинчи окууда жактырган. Ага ылайык, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары экиге бөлүнгөн. Саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо участкаларында добуш берүү жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Активисттер бул өзгөртүүлөр жарандык коомдун шайлоого байкоо салуу укугун чектейт деп жүйө келтирип, парламентти мындай демилгеден баш тартууга чакырууда.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет мыйзам долбоорун колдоп, үчүнчү окууга жөнөттү.

Мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттар жарандык коомдун чочулоосун четке кагып жатышат. Авторлордун бири Социал-демократтар фракциясынын депутаты Мухтарбек Айнакулов "добуш берүүнү иретке салууну" көздөшкөнүн айткан.

XS
SM
MD
LG