Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

31-майга аба ырайы


Синоптиктер чукул эскертүү берип, Кыргызстандын аймагында 30-31-май күндөрү туруксуз аба ырайы болорун маалымдады. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамал кээ бир райондордо секундуна 15-20 метрге жетет.

Жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суу көбөйөт. Жээктерди суу жээп, жайылма тилкелерди сел капташы ыктымал. Тоолуу райондордо сел коркунучу бар.

31-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүз айрым райондордо жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26;

Баткен облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +24...+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +16...+21;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6...+11, күндүз +16...+21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз +5...+10 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27 градус ысыйт.

XS
SM
MD
LG