Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Орусияда катуу шамалдан өлгөндөрдүн саны 14кө жетти


Москвада катуу шамалдан 170 киши жабыркады.
Москвада катуу шамалдан 170 киши жабыркады.

Орусиянын бийликтери маалымдагандай 29-майда Москва жана анын жака-белинде болгон катуу шамалдан курман болгондорун саны 14кө жетти.

Тергөө комитетинин маалымат катчысы Светлана Петриенко 30-майда билдиргендей, Москванын өзүндө 11 киши набыт болсо, Москва облусунан дагы үчөө каза тапты.

Катуу бороон-чапкын 29-майда жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат төрттө башталган. Катуу шамал бактарды тамыры менен жулуп, имараттардын чатырларын учуруп, электр зымдарын үзгөн.

Облустук Саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Алексей Хрипундун 30-майда билдиришинче, жалпысынан медициналык жардам үчүн 168 адам кайрылган, алардын 108и, анын ичинде 22 бала ооруканага жаткырылган. Хрипун сегиз кишинин абалы оор экенин кошумчалады.

Энергетика министрлиги катуу шамалдан улам Москва шаарында 7300 киши электр жарыгы жок калганын билдирген. Ал эми калаа мэри Сергей Собянин ылдамдыгы саатына 110 чакырымга жеткен шамал 3500дөй бакты кулатканын айтты.

XS
SM
MD
LG