Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Египет ИМге каршы күрөшүү үчүн Орусияны жардамдашууга чакырды


Египеттин тышкы иштер министри Самех Шуруз жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Египеттин тышкы иштер министри Самех Шуруз жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Египет бийликтери Орусияны радикал согушкерлерге каршы күрөшүүдө көмөктөшүүгө чакырды.

Бул тууралуу 29-майда эки тараптын жогорку даражадагы өкүлдөрүнүн жолугушуусунда сөз болду. Египет 26-майдагы христиан зыяратчыларга каршы чабуулдан кийин Ливиянын чыгышындагы согушкерлердин машыгуучу лагерлерине каршы соккуларды баштады.

"Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчилик алган бул кол салууда 29 адамдын өмүрү кыйылган. Египет радикал уюмдун согушкерлерине каршы Синай жарым аралында да күрөш жүргүзүп келет. Аталган экстремисттик топ 2015-жылы Синай жарым аралында кулаган орусиялык лайнердеги жардыруу үчүн да жоопкерчиликти өз моюнуна алган. Анда учактын ичиндеги 224 адамдын баары курман болгон.

- Орусия террорчулукту жок кылуу үчүн биргелешип иш жүргүзүүгө бардык аракетин көрөт деген үмүттөбүз, - деди Египеттин тышкы иштер министри Самех Шуруз Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Каирде биргелешип өткөргөн маалымат жыйында.

Ал Египет террорчулукту жок кылуу үчүн коопсуздук жана чалгын жааттында кызматташууну көздөрүн кошумчалады. Ал эми Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва Каирге курал-жабдык сатууга кызыкдар экенин айтты.

XS
SM
MD
LG