Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Атамбаев суу ташкынына байланыштуу Шри-Ланка элине көңүл айтты

28-майда Шри-Ланкадагы суу ташкыны 151 адамдын өмүрүн кыйды.
28-майда Шри-Ланкадагы суу ташкыны 151 адамдын өмүрүн кыйды.

Президент Алмазбек Атамбаев көптөгөн кишилердин өмүрүн алган суу ташкынына байланыштуу Шри-Ланка элине көңүл айтты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, 30-майда жолдонгон телеграммада "курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын ниеттен чыккан көңүл айтуубузду жана колдообузду, ал эми бардык жабыр тарткандарга тезирек сакайып кетишин каалаарыбызды билдирип коюуну өтүнөм" деп айтылат.

28-майда Шри-Ланкадагы суу ташкыны 151 адамдын өмүрүн кыйды. Дагы 111 киши дайынсыз жоголгонун ВВС кабарлады. Беш жүз миңдей адам коопсуз аймакка көчүрүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG