Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:59

Ирактын Сирия менен чектеш району ИМден тазаланды


Сирия менен чектеш аймактар 29-майда "Ислам мамлекети" радикал тобунан тазаланганы маалым болду.
Сирия менен чектеш аймактар 29-майда "Ислам мамлекети" радикал тобунан тазаланганы маалым болду.

Ирактагы Ирандын колдоосуна ээ шиит козголоңчулары Сирия менен чектеш аймактарды 29-майда "Ислам мамлекети" радикал тобунан тазалашканын билдиришти. Бул Иранга Сирия президенти Башар Асаддын режимине курал-жабдык жеткирүүгө жол ачышы ыктымал экенин эксперттер белгилешет.

"Элдик мобилизация күчтөрү" Ирактын Бааж шаарынын жанындагы аймактарды тазалоо Ыйык Рамазан айынын кудурети менен ишке ашканын түшүндүрүштү.

Ал тапта АКШ колдогон ирак күчтөрү Мосулдун батышындагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун көзөмөлүндөгү акыркы райондорду кайра ала баштады.

Мосул толугу менен ирак күчтөрүнүн колуна өтсө, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна катуу сокку болот. Террордук уюмдун согушкерлери Мосулду 2014-жылы басып алган.

XS
SM
MD
LG