Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу үч саясий партиянын атынан аймактык шайлоо комиссиясына даттануу түштү.
Аталган комиссиядан кабарлашкандай, Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) бир шайлоо участкасындагы добуштарды кайрадан кол менен санап берүүнү сураган. “Ата-Журт” партиясы бир добушкананын жыйынтыктарын жокко чыгарууну өтүнгөн. Алардын жүйөсүндө автоматтык эсептегич урна кабыл албай чыгарып койгон айрым бюллетендерди шайлоо комиссиясы жарактуу деп таап, кошуп эсептеген.
Ал эми "Кыргызстан" партиясы бардык шайлоо бекеттеринде добуштар туура эмес эсептелген деген күмөн саноо менен кайрадан тактоону суранган. Аймактык шайлоо комиссиясы азыр арыздарды карап чыккан соң гана жооп болорун билдирди.
Жалал-Абадда шайлоо 28-майда өткөн. (RsK)