Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:49

Польша президенти Грузияга расмий сапар менен барды


Польшанын президенти Анджей Дуда жана Грузиянын лидери Георгий Маргелашвили.
Польшанын президенти Анджей Дуда жана Грузиянын лидери Георгий Маргелашвили.

Польшанын президенти Анджей Дуда алгачкы расмий сапар менен Грузияга барды. Дуда 30-майда Грузиянын лидери Георгий Маргелашвили жана өкмөт башчы Георгий Квирикашвили, парламент спикери Ираклий Кобахидзе менен жолугушту.

Маргелашвилинин аппарат башчысы Георгий Абашишвили журналисттерге маалымдагандай, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Грузиянын Евробиримдик жана НАТОго интеграцияланышына бурулат. Ошондой эле Грузиядан өз алдынчалык жарыялап алган Абхазия жана Түштүк Осетия жикчил аймактары тууралуу да сөз болорун Абашишвили кошумчалады.

Аппарат башчы белгилегендей Польша Грузиянын Евробиримдикке жана НАТОго кошулуусун жактаган шаркеттеги мамлекеттердин бири. Дуданын эки күндүк сапары Грузиянын түштүк-батышындагы Аджария шаарында 31-майда жыйынтыкталары маалым болду. Ошондой эле Дуда Тбилисидеги Улуттук китепканада лекция да окушу күтүлүүдө. Дудуну Грузияга Польшанын биринчи айымы Агата Корнхаузер коштоп барды.

XS
SM
MD
LG