Канат Садыков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорлугуна бекитилди. Ал 30-майда жамаат менен тааныштырылганын аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Садыковду ректорлукка бекитүү боюнча өкмөт башчынын буйругун билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева окуп берди.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине ректор шайлоо 27-майда өткөн. Ага каттоого алынган 1 344 шайлоочунун 1216сы катышкан.
Шайлоодо жети талапкер ат салышып, мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков эң көп добуш алган.
Эреже боюнча, Улуттук университеттин ректорун окуу жайдын кызматкерлери шайлап, өкмөт бекитет. (SE)