Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:07

Ошто үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнө өрт койгон 45 жаштагы аял облустук ооруканада жатат. Анын денесинин дээрлик 60 пайызы күйгөн. Жалынды өчүрүүгө аракет кылган жолдошунун да колу оттон жабыркаган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 29-майга караган түнү Төлөйкөн конушунда болгон.

Экөө жарандык никеде жашачу. Жубайы үйгө кеч келгенине байланыштуу күйөөсү ачууланып, ортодо чыр чыккан. Ошол маалда аял өзүнө бир литр бензин куюп өрттөп жиберген. Милициянын маалыматына ылайык, аял мас абалда болгон.

Окуя боюнча кылмыш ишин козгоо экспертизадан соң билинет. (YI\SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG