Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Берлинде теракт уюштурууну көздөп жаткан делген өспүрүм кармалды


Атайын рейд Берлиндин түндүк-батышында жүргүзүлдү.
Атайын рейд Берлиндин түндүк-батышында жүргүзүлдү.

Германия бийликтери маалымдашкандай, полиция баш калаа Берлинде теракт уюштурууну көздөп жаткан деген шек менен 17 жаштагы Сириянын жаранын камакка алды.

Камакка алуу операциясы калаанын түндүк-батышындагы Укермарк районунда болгонун Бранденбург штатынын ички иштер министри Хайнц Шротер билдирди.

Полиция тараткан маалыматка ылайык, шектүү Германияга 2015-жылы келип, баш калка сурап кайрылгандардын тизмесине каттоого турган.

Ал Укермарктагы жашы жетелек качкындар үчүн ачылган үйдө 2016-жылдан бери жашап келген.

Өткөн жылдын соңунда Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо алдында уюштурулган базарлардын бирине келгендерди оор жүк ташыган автоунаа тебелеп кеткен. Кол салуунун натыйжасында 12 адам набыт болуп, 48и жараат алган. Кол салууну уюштурган Анис Амри Тунистин жараны экени аныкталып, бир нече күндөн кийин аны Италияда полиция атып өлтүргөн. Ал чабуул үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал уюму алган.

XS
SM
MD
LG