Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:24

2013-жылы Кыргызстанда чоңдор арасындагы чылым чегүү 25,7 пайызды түзгөн. Тамеки тарткан 425 713 адамдын 213 миңи чылымдын кесепетинен пайда болгон илдеттерден улам көз жумат деген божомол бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин 31-май - бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнүнө карата жарыялаган маалыматында айтылат.

Анда тамекиге каршы күрөшүү боюнча АКШнын Жоржтаун университетинде иштелип чыккан SimSmoke ыкмасын пайдалануу максаты белгиленген. Бул ыкмада тамекинин баасын кымбаттатуу, коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салуу боюнча катаал чаралар сунушталган. Саламаттык сактоо министрлиги муну менен алдыдагы 40 жылда 120 миңден ашык өлүмдү алдын алууга болорун боолгоп жатат.

Быйыл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тамекиге каршы күрөштү 2030-жылга чейинки өнүгүү долбооруна киргизүүгө мамлекеттерди чакырууда.

Кыргызстанда соңку жылдарда 25 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында чылым тартуу азайганы менен, ушул эле жаштагы аялдардын арасында тамеки тарткандар көбөйгөнүн иликтөөлөр көрсөткөн.

Жылына дүйнө жүзү боюнча 6 миллионго жакын адам чылым чеккенине байланыштуу көз жумарын дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму иликтеп чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG