“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр парламентте добуш берүүгө жөнөтүлдү. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар бүгүн үчүнчү окууда карады.
Жыйындын жүрүшүндө "Ата Мекен" фракциясынын өкүлдөрү Аида Салянова жана Наталья Никитенко мыйзам долбоору демократиялык негиздерге дал келбестигин, көз карандысыз байкоочулардын укугун чектей турганын белгилешти.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Асел Кодураңова мыйзам эч кимдин укугун бузбай турганын, кесиптештеринин кооптонуусуна негиз жоктугун белгиледи.
Мыйзам долбооруна ылайык, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары экиге бөлүнөт. Саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Жарандык коомдун бул өзгөртүүлөрдү укуктарды чектөө катары сыпаттап, нааразылык билдирип келүүдө.
Мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттар түрдүү фракциянын өкүлдөрү. Алар жарандык коомдун чочулоосуна негиз жоктугун белгилешүүдө. Авторлор муну менен "добуш берүүнү иретке салууну" көздөшкөнүн айткан.
Өзгөртүү киргизип жаткан мыйзам долбоорунда президенттик шайлоону быйыл 15-октябрда өткөрүү маселеси да каралган. (SE)