Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:03

Ооганстандын баш калаасы Кабулдун борборундагы катуу жардыруудан кеминде 49 киши мерт болуп, 320 адам жаракат алды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 31-майдагы жардыруунун курмандыктарынын саны өсүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Окуя Кабулдун президенттик сарай жана бир катар чет өлкөлүк элчиликтер жайгашкан аймагында эртең менен орун алган.

"Немис элчилигинин жанында автоунаа жарылды. Тегеректе башка маанилүү имарат жана кеңселер бар. Андыктан жардыруу кайсы тарапты бутага алганы белгисиз",-деди Кабул полициясынын басма сөз өкүлү Васир Мужахид.

Бул окуяга азырынча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG