Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Өзбек бийлиги быйыл кафеде ооз ачар өткөрүүгө тыюу салган жок


Ташкенттеги кафелердин бири.
Ташкенттеги кафелердин бири.

Өзбекстанда бийлик бул жылы коомдук тамактануучу жайларда ооз ачар өткөрүүгө тыюу салган жок. Мусулмандарга Рамазан айында кафе-ресторандарга эл чакырып, ооз ачар уюштурууга уруксат берилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы бир катар коомдук тамактануучу мекемелердин жетекчилеринин маалыматына таянып кабарлады. Бирок мечиттерде ифтарлык өткөрүүгө салынган тыюу алынган жок.

Буга чейин өзбек бийлиги орозо айында жапырт ооз ачыруу жыйындарын уюштурууга уруксат бербей келген.

Ал тапта өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Абдулазиз Мансур болсо ооз ачар жыйындары эрежеге ылайык, үйлөрдө өтүшү керектигин белгиледи.

31 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда элдин 90 пайызы мусулмандар.

XS
SM
MD
LG