Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

Мамкызматчылар кыргыз тилинен сынак тапшырат


2018-жылдын 1-январынан тартып мамкызматкерлер милдеттүү түрдө кыргыз тилинен сынак тапшыра баштайт. Буга байланыштуу Мамлекеттик кадр кызматынын токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкер өз ишин ийгиликтүү аткарышы үчүн кыргыз тилин талаптагыдай билиши керектиги белгиленген. Ал эми сынак тапшырчулардын тизмесине, президент, ЖК төрагасы, премьер-министр, президенттин, парламенттин жана өкмөттүн аппарат башчылары киргизилген. Мындан сырткары түзүлгөн тизмеге ылайык Жогорку Сот, Конституциялык палата, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Куралдуу кучтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси, баш прокурор жана анын орун басарлары, акыйкатчы менен БШК жетекчиси тилден сынак тапшырышы керек болот.

Токтом долбоордо Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүн аймактагы өкүлдөрү, акимдери кыргыз тилинен милдеттүү түрдө экзамен тапшырсын деген сунуш бар. Коомдук талкууга коюлган долбоор өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Мамлекеттик кызматкерлерден кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест алуу алгач ирет 2014-жылы уюштурулган. Пилоттук долбоор түрүндө өткөрүлгөн сынак тестти биринчилерден болуп президенттик аппараттын 15 өкүлү тапшырган. Алар лексика, грамматика, аудиодон угуп жооп берүү, окуу, жазуу жана сүйлөшүү боюнча тест тапшырышкан.

Мамлекеттик тил буга чейин саясий маселе катары каралып, көп талкуу жаралып келген. 2013-жылы парламент тилге байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча долбоорлорду жактырган. Анда мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген жобо бар болчу. Мамлекеттик тилде сүйлөбөгөндөр бул эреже алардын конституциялык укуктарын басмырлай турганын айтып, каршы чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG