Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Орусия "Ислам мамлекети" тобуна деңизден сокку урду


Орусиянын Жер ортолук деңиздеги кемелеринен учурулган төрт ракета "Ислам мамлекети" террордук тобунун Сириянын Пальмира шаарындагы позицияларына сокку урду.

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталар "Адмирал Эссен" фрегатынан жана "Краснодар" суу алдында жүрүүчү кемесинен учурулганын, алар согушкерлердин позицияларын жана жабдыктарын бутага алганын билдирди.

Орус бийлиги ракета соккусунан мурда АКШ жана Түркияны кабардар кылганы айтылды.

Орусия президент Башар Асадга колдоо көрсөтүү максатында 2015-жылдын сентябрь айында Сириядагы аба чабуулдарын баштаган. Батыш расмийлери орус тараптын аскердик операциялары Асаддын каршылаштарына багытталган деп сындашкан.

XS
SM
MD
LG