Жалал-Абадда майып балдарга 1-июнга карата балага майрамдык белек таратылат. Шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева билдиргендей, калаа аймагындагы 416 майып баланын ар бирине 500 сомдук белек берилет. Бул үчүн шаар бюджетинен 250 миң сом каражат бөлүндү.
Андан тышкары аз камсыз үй-бүлөдө өсүп жаткан, тоголок жана жарым жетим балдар үчүн шаардагы эс алуу багындагы аттракциондор эки күн акысыз иштеп, шириндиктер да таратылат.
Шаар мэриясы тарабынан 25-майдан 25-июнга чейин балдарды коргоонун, аларга камкордук көрүүнүн бир айлыгы жарыялаган.
1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү катары белгиленет. (RsK)