Оппозициянын демонстрацияларына карабастан Сербиядагы 2-апрелдеги президенттик шайлоону жеңип чыккан Александр Вучич бүгүн кызматка киришкени турат. Ал жергиликтүү убакыт боюнча чак түштө ант берип, кызматтан кетип жаткан президент Томислав Николичтин ордун басат.
Вучич мурдагы президент Слободан Милошевичтин администрациясында маалымат министри болуп иштеген. Бирок соңку шайлоодо ал өзүн реформатор катары көрсөтүп, Сербияны Евробиримдикке мүчө кылууга убада берген. Бир жыл мурда Вучичтин Сербиянын прогрессивдүүлөр партиясы да парламенттик шайлоону уткан.
Оппозиция өкүлдөрү Вучич бийликти бир колго топтоп, өлкөнү Милошевичтин учурундагыдай автократияга жетелейт деп билдирип келишет. Апрель айындагы президенттик шайлоодон кийин Сербияда Вучичке каршы ондогон нааразылык акциялары өткөн.