Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Орусияда 1-июндан баштап чет элдик айдоочулук күбөлүктөргө тыюу салынат


Орусияда чет элдик айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө чектөө киргизилгенине байланыштуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кыргызстандыктарга башка чет элдиктер сыяктуу эле улуттук айдоочулук күбөлүгүн Орусияныкына алмаштырууга милдеттүү экенин эскертүүдө. Элчилик тараткан маалыматта Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимдери боюнча орус тарап менен бул багытта кеңешүүлөр жүргүзүлүп жатканы белгиленген.

Чет элдик айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө чектөө киргизүү тууралуу мыйзам 1-июндан тартып күчүнө кирет. Талапка ылайык, чет элдик айдоочулук күбөлүк менен коомдук транспортто иштөө жана жеке ишкердик кылууга тыюу салынат. Чет элдик айдоочулук күбөлүк менен адамдарды ишке алган жумуш берүүчүлөргө 50 миң рублга чейин айыппул каралган. (КЕ/LzT)

XS
SM
MD
LG